Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 25.10.2018 18:52 На русском

Бурулайдын өлүмү: Сотто маркумдун атасы менен чогуу Марсбекти издеген жигит суралды

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмү бонча сот отуруму улантылды.

Сотто Михаил Василенко аттуу күбө суралды. Анын айтымында, Бурулайды ала качкан күнү кичи автобустар токтоочу жайга чыгып, досун күтүп турган. «Бир маалда унаа келди. Кыйкырык үндөрдү, кыздын кыйкырганын уктум. Караңгы кирип калган болчу. Аталган унаанын жанында мушташ болуп жаткандай көрүндү. Жанына барып, унаанын кармагычын дароо кармадым. Бирок унаа жүрүп кетти. Милицияга телефон чалып, Бурулайдын атасы менен кыздын артынан барууну чечтим. Милиционерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп алдык. Алар бизди Мессарош көчөсүндө күтүп турушту. Алардын унаасына түшүп, Сокулук тарапты көздөй жөнөдүк. Андан соң жолдон кайрылып, РИИБге бара жатсак, бизге башка милиция кызматкерлери бала кармалганын айтышты. Кыздын айрым туугандары РИИБге кетишти. Мен болсо үйгө жөнөдүм», - деди ал.

Ошондой эле, имам Мамаев суралды. «Эки бала келип, мени жаназага чакырышты. Алар айткан жерге барып, кызды өлтүрүп кеткендигин билдим. Баары ыйлап жатышты. Андан кийин маркумдун жакындарына шариаттын негизинде кызды эртерээк жерге бериш керек дедим. Бирок алар мени угушкан жок», - деди ал.

Андан кийин Бурулайдын атасына сөз берилди.

Буга чейинки сот Жайыл райондук, андан кийин 9-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болгон эле.

----------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулай 2018-жылы 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×