Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 25.10.2018 09:46

Акыркы суткада өлкө аймагында 18 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 19 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 25-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ак-Өргө конушунда турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 130 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Оштогу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Кызыл-Маяк айылында ачык аянтта 30 гектар куураган чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×