Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.11.2018 23:59

Айыл турмушу: Памирлик кыргыз балдар сүрөткө Ооганстандагы жашоолорун көп тартышат, - мугалим А.Боронбаев

Turmush -  Нарын шаарынын 45 жаштагы тургуну Алмазбек Боронбаев жубайы Жанара Кожоева менен бир окуу жайда окуп, 18 жылдан бери шаардагы академик Үсөн Асанов атындагы мектеп-лицей интернатында эмгектенип келишет. Алмазбек Боронбаев менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, окуучуларга сүрөт, чийүү жана кол эмгек сабагынан билим берет. Анын окуучулары сынактардан алдыңкы орундарды алып келишет.

«Атам Дүйшөнбай сүрөттү абдан жакшы тарткан мыкты сүрөтчү. Ал азыркы мен иштеп жаткан мектепте сүрөт жана чийүүдөн окуучуларга билим берип келген. Ал убагында Нарын облусунда атагы чыккан мугалим болуп, СССРдин жана КРдин эл агартуунун отличниги аталган. Мен дагы анын жолун жолдоп, 2000-жылы Бишкек шаарындагы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин сүрөтчүлүк адистигин аяктап, ошондон азыркы күнгө чейин Нарын шаарындагы аталган мектепте эмгектенип келем. Окуучуларга кол эмгек, чийүү жана сүрөт сабактарынан билим берип, алар көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Былтыркы жылы Кичи Памирден келген туугандарыбыздын балдарына сабак бердим. Алар алгач сүрөт тарта албай чоң кагазга кичинекей кылып, башталгыч класстын окуучуларындай тартышту. Кийин үйрөнүп, жакшы тартып калышкан. Алар Памирдеги жашоолорун чагылдырып тартышчу. Учурда алардын экөө билим алууда.

Ошондой эле атам, жубайым Жанара үчөөбүз мектепке сүрөт бөлмөсүн ачып, окуучулардын сүрөт тартуусуна ыңгайлаштырып жасалгаладык. Бул жерде шакирттеримдин тарткан эмгектери жана улуу залкар жазуучу, инсандарыбыздын сүрөттөрү сакталат.

Мугалимдик кесиптен тышкары жыгач устачылык менен алектенип, буйрутмаларды алып иштейм. Кардарлардын табитиндегидей бешик жана сандыктарды жасап, кошумча киреше табуудамын», - деди ал.

Сүрөтчү жубайы менен жогорку окуу жайда билим алып жатканда таанышкан.

«Шаарда университетте окуп жатканда жубайым Жанара менен таанышып, аны жактырып, 1996-жылы баш кошконбуз. Экөөбүздүн тең кесибибиз бир жана бир мектепте иштейбиз. Ал учурда убактылуу эмгек эргүүсүндө. Биздин 2 уул, 2 кызыбыз бар. Алардын бири Элайым биздин жолубузду жолдоп, сүрөт тартып, дизайн жагына кызыгып, сынактардан алдыңкы орундарды алып келет», - деди ал.

А.Боронбаев райондук, шаардык, облустук администрациялардан жана Билим берүү министрлигинен ардак грамоталарды алып келет. Ал азыркы тапта эмгектенип жаткан мектепте 2010-жылдан 2015-жылга чейин директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×