Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 24.10.2018 12:38 На русском

«Мегакомду» Жогорку Кеңештин депутаты жетектейт

Turmush -  Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» ЖАКтын (MegaCom) башкы директору болуп дайындалды. Бул маалыматты Tazabek булактарга шилтеме берүү менен бүгүн, 24-октябрда жарыялады.

Булактардын маалыматы боюнча, талапкерди премьер-министр сунуштайт.

Акылбек Жамангулов «Республика — Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

Ал эми «Альфа Телеком» ЖАКтын басма сөз кызматы башкы директорлук кызматтан Азат Базаркулов бошотулганы тууралуу расмий документ бериле электигине байланыштуу азырынча маалымат берилбей турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×