Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 24.10.2018 11:29

Бишкекте «Ауди-80» толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 22 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 24-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле балдардын от менен ойногонунан улам Өзгөндөгү Мырза-Аке айылында эки кабаттуу сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 115 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп күйгөн.

Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында да эки кабаттуу сарай өрттөндү. Өрт учурунда 375 чарчы чатыры, 1000 түк чөп жана 200 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×