Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 23.10.2018 16:55 На русском

Президенттик аппараттын финансы саясаты бөлүмүн Данияр Иманалиев жетектейт

Turmush -  Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп Иманалиев Данияр Шаршенбекович дайындалды.

Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди. Буга чейин бул кызматта Нурсулу Ахметова эмгектенип жаткан. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×