Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 22.10.2018 10:12 Жаңыланды: 22.10.2018 11:30 На русском

Таш-Көмүр шаарынын экс-мэринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Бишкек шаарында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев көз жумду.

АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-октябрда Түштүк магистралда «Лексус» жана «Тойота» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Окуядан кийин айдоочулар кырсыктын чоо-жайын териштирип баштап, алардын талашы мушташка жеткен. Мушташ учурунда айдоочулардын бири — М.Жакыпбаев жердеги бордюрга жыгылган. Жыгылганда алган катуу жаракат өлүмгө себеп болушу мүмкүн.

Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Кийинчерээк Бишкек ШИИБден билдиришкендей, Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган факт боюнча эки адам кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

М.Жакыпбаев 2000-жылдардын башында Таш-Көмүр шаарынын мэри болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×