Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 22.10.2018 09:39 На русском

Өлкө аймагында бир жумада 189 мас айдоочу кармалды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 12-октябрдан баштап 18-октябрга чейин жол кыймылынын эрежесин бузган 18 миң 169 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен 189 айдоочу унааны мас абалда башкарган, деп билдирди ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.

Рейддин жүрүшүндө унаасын караңгылатып алган 35 айдоочуга айып салынып, унааны катуу ылдамдыкта башкарган 2 миң 65 айдоочу кармалды. Ал эми жол кыймылынын башка эрежелерин бузган 12 миң 390 айдоочуга да айып салынды.

Рейддин жыйынтыгында 985 автоунаа айып аянтчасына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×