Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.10.2018 13:50

Видео: Салттуу музыкалык аспаптарга жан киргизген Нурланбек Нышанов

Turmush -  Кыргыз улуттук музыкалык аспаптары тууралуу сөз болгондо адатта алардын эки-үчөө гана оюбузга келеттир. Музыкага өзгөчө көрк кошкон мукам добуш аспаптарыбыздын айрымдары унутулуп да калган. Буга жезнай аспабын мисал кылсак болот.

Нурлан Нышанов

Улуттук байлык болгон музыкалык аспаптарга кайрадан жан киргизүү менен алектенип келген Нурланбек Нышанов менен АКИ-TV маектешип, бул темада кенен маалымат топтоду. Ал салттуу музыкалык аспаптарда ойноп, алардын ичинен үйлөмө аспаптар — сыбызгы, чопо чоор, сурнай, керней жана башка аспаптарды жасайт.

Композитор жана мультиинструменталист Нурланбек Нышанов 1966-жылы Нарындын Жумгал районунда жарыкка келген. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик консерваториясынан алып, кыргыздын салттуу музыкасын жаңырткан көптөгөн ансамблдерди түзүүгө жетишти. Ошондой эле анын эмгектери дүйнөдөгү классикалык музыкалар аткарылган эң атактуу Карнеги-холл (Нью-Йорк шаарында) концерттик залында жаңырган. Н.Нышанов өзү да композитор жана музыкант-аткаруучу катары ар кандай ансамблдер менен бирге Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Германия, АКШ, Франция, Швейцария жана башка өлкөлөрдө өнөрүн көрсөтүп келди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×