Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 20.10.2018 10:16 Жаңыланды: 20.10.2018 17:52 На русском

Видео — Икрам Илмиянов 28-ноябрга чейин камакка алынды

Turmush -  Бүгүн, 20-октябрда күндүн экинчи жарымында Икрамжан Илмияновду Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратына алып келишти. Жыйынтыгында сот 28-ноябрга чейин УКМКнын абагында камакта болсун деген чечим чыгарды.

Анын жактоочусу Сергей Слесарёвдун айтымында, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) боюнча айып тагылган.


Ал кармалганын АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы тастыктаган. Булактар аркылуу маалым болгондой, Икрамжан Илмиянов «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен бүгүн, 20-октябрга карган түнү саат 03:00 чамасында алынып келди.

Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын 19-октябрда УКМК маалымдаган болчу. Социалдык түйүндөрдө 18-октябрда Икрамжан Илмияновду сыртынан камакка алуу жөнүндөгү баш коргоо чарасы тууралуу соттун токтому тараган. Анда сыртынан УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынганы жазылган.

«И.Илмиянов тергөө органдарына факты түрүндө жеткирилгенден кийин 48 сааттын ичинде кармалгандыгынын мыйзамдуулугун текшертүү үчүн сотко жеткирилиши керек», - деп жазылган токтомго А.Калыбаев кол койгон.

Тактала элек малыматтар боюнча, бул ишкерлердин бири катышкан кылмыш ишке байланыштуу. Буга чейин ал иште И.Илмиянов фигурант болушу мүмкүн экени айтылган.

Токтом

КСДП эмне дейт?

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия Икрамжан Илмияновдун тышынан камакка алынганы жөнүндөгү маалыматты 18-октябрда ЖМКдан билгендигин кабарлады.

Анын айтымында, КСДП И.Илмиянов менен акыркы жолу жайында байланышкан. Ал учурда И.Илмиянов апасын дарылатуу үчүн Москвада жүргөн болчу.

«Ал шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Саясаттан кетип жаткандыгын, чарчагандыктан эс аларын айткан», - деди Жолдубаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×