Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 19.10.2018 10:09

«Чарчадым, саясаттан кетем» деген: КСДП И.Илмиянов менен акыркы жолу жайында байланышкан

Turmush -  КСДП Икрамжан Илмияновдун тышынан камакка алынганы жөнүндөгү маалыматты бүгүн, 18-октябрда ЖМКдан билди. Бул тууралуу АКИpress агенттигине КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, КСДП И.Илмиянов менен акыркы жолу жайында байланышкан. Ал учурда И.Илмиянов апасын дарылатуу үчүн Москвада жүргөн болчу.

«Ал шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Саясаттан кетип жаткандыгын, чарчагандыктан эс аларын айткан», - деди Жолдубаева.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 18-октябрда УКМК Икрамжан Илмияновго издөө жарыялангандыгын кабарлады.

Социалдык түйүндөрдө 18-октябрда Икрамжан Илмияновду сыртынан камакка алуу жөнүндөгү баш коргоо чарасын кароо тууралуу соттун токтому тараган. Анда сыртынан УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынганы жазылган.

«И.Илмиянов тергөө органдарына факты түрүндө жеткирилгенден кийин 48 сааттын ичинде кармалгандыгынын мыйзамдуулугун текшертүү үчүн сотко жеткирилиши керек», - деп жазылган токтомго А.Калыбаев кол койгон.

Тактала элек малыматтар боюнча, бул ишкерлердин бири катышкан кылмыш ишке байланыштуу. Буга чейин ал иште И.Илмиянов фигурант болушу мүмкүн экени айтылган.

Токтом

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×