Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 18.10.2018 10:16

Бишкекте «Фольксваген-Пассат» толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 18 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектин Свердлов районундагы Л.Толстой жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле Ленин районунун С.Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыкты. Анын кесепетинен уктоочу бөлмөдөгү буюмдар өрттөнгөн. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×