Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 16.10.2018 16:54 На русском

ИИМ менен Каржы министрлигинде келемиштер отурат, - депутат И.Матраимов

Turmush -  Өкмөт ИИМде жана Каржы министрлигинде келемиштер отурганы үчүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра албайт. Мындай пикирди бүгүн, 16-октябрда депутат Искендер Матраимов (КСДП) Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Эл өкүлү иш мындай улана берсе жыйынтык болбойт деп эсептейт.

«Жолдордо адам өмүрүн алган кырсыктар болуп жатат. Бул качанкыга чейин уланат? Жогорку Кеңешке бир компанияны алып келгиле, депутаттар карайт», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз пикирин билдирип: «Эгер өкмөт компанияны алып келсе, депутаттар өткөрбөйт, себеби тиешелүү мыйзам бар», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×