Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 16.10.2018 16:52 На русском

Бишкекте 17 жаштагы кыздын өлүмүнө 19 жаштагы агасы шектелип кармалды

Turmush -  Бишкектин Биринчи май РИИБнин кызматкерлери 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жигитти кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары 1999-жылы туулган Т.у.Д. кармалды. Ал кыздын эки бир тууган агасы экендиги такталды. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Бишкек ШИИБден 15-октябрда Бишкектин Жеңиш жаңы конушунан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси табылгандыгын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, кечээ 102 кызматына аталган конушта кыздын денеси жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жерине барган иликтөөчү топ кыз муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн такташкан. Кылмышка шектелип бишкектин тургун кармалып, 2 айга камакка алынган. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери улантылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×