Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 16.10.2018 16:17 На русском

Бишкекте 17 жаштагы кыз муунтулуп өлтүрүлдү

Turmush -  Кечээ, 15-октябрда Бишкектин Жеңиш жаңы конушунан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ 102 кызматына аталган конушта кыздын денеси жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жерине барган иликтөөчү топ кыз муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн такташкан. Кылмышка шектелип бишкектик тургун кармалып, 2 айга камакка алынды. Учурда бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×