Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 16.10.2018 11:40

Кыргызстандык Шахман Сулейманов — кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Шахман Сулейманов Түркиядагы турнирде кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган турнир кечээ, 15-октябрь күнү Анталия шаарында башталган. Мелдештин биринчи күнүндө 18-21 жаштагы спортчулар сол колду күрөштүрүү боюнча күч сынашты. Ал эми Ш.Сулейманов 60 кг чейинки салмактагы 14 спортчунун арасында таймашты. Ал атаандаштарынын баарын жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Шахман Сулейманов«Муну менен үчүнчү ирет дүйнөлүк чемпионатка катыштым. Эңсеп жүргөн 1-орунду да багындырдым, бирок бул оңойго турган жок. Бизди колдогон бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдирем», - деди ал сыйлоо аземи жыйынтыкталгандан кийин.

Аталган дүйнө чемпионатында 54 өлкөнүн 1203 спортчусу медалдар үчүн күч сынашууда.

Шахман Сулейманов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×