Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 15.10.2018 18:31 Жаңыланды: 15.10.2018 19:32

Фото — Москвада мекендештерин сабап, акча талап кылган кыргызстандык кылмыштуу топ кармалды

Turmush -  Москвада өздөрүнүн мекендештеринен акча талап кылган кыргызстандык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жоруктарынын чоо-жайы анык болду.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул кылмыштуу топ Москва шаарында жакында эле кармалган. Топтун мүчөлөрү криминалдык авторитеттин жана Уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин атынан өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн активдештирип, Москва шаарында жана Москва облусунун аймагында ишкерчилик менен алектенген кыргызстандык жарандардан акча опузалап келишкен. Көбүнчө мындай учурлар Москва шаарында жайгашкан такси токтотуучу жайлардын биринде көп катталган.

КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө бул боюнча маалыматтар бир нече жолу түшкөн. Жабырлануучулар алгач арыз жазуудан баш тартышып, бирок маектешүүдөн кийин укук коргоо органдарына кайрылууга макул болушкан.

ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү тарабынан тезинен кылмыш болгон жерге кызматкерлер жиберилген.

Ушул жылдын 28-июлунда топтолгон материалдар каралгандан кийин Москва шаарынын Нагорный району боюнча ички иштер бөлүмү Россия Федерациясынын 163-беренесинин (алдын ала келишип, зомбулук колдонуу менен топ тарабынан жасалган опуза) кылмыш иш козгогон. Москва шаарынын милиция кызматкерлери КРдин ИИМнин өкүлдөрү менен бирге «Хэндэ Солярис» жана «Субару Форестер» унаалары менен бара жаткан кылмыштуу топту кармоо иш-чарасын өткөргөн. Кылмыштуу топтун арасында Кыргызстандын 8 жараны, ал эми кармалгандардын арасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1992-жылы туулган тургуну Касымбеков Мадияр менен Сузак районунун 1993-жылы туулган тургуну Аскар Абдилманап уулу бар.

Алар «МТК» ЖЧКда расмий эмес түрдө иштеп, зомбулук көрсөтүп, мыйзамдагы ууру К.К.нын атын пайдаланып, ири өлчөмдөгү акча талап кылышкан.

Жогорудагы аталган адамдар РФнын Кылмыш процессуалдык кодексинин 91-беренесинин негизинде кармалды. Азыркы тапта бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Аскар менен Мадияр Кылмыш процессуалдык кодексинин 122-беренесинин негизинде жаза чарасына тартылышкандыгы маалым болгон. Бирок белгилүү болгондой, аларга карата козголгон кылмыш ишине карабастан Кыргызстандын жарандарына каршы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоону улантышкан. ИИМдин өкүлү «мыйзамдагы ууру К.К.нын» атынан күч колдонуп жана алдап акча каражатын өндүргөндөр тууралуу маалымат чогултууну уланткан.

Москва шаарынын борборундагы такси токтотуучу жайларда иштеген жарандар бул маалыматты тастыкташкан. Алардын бири Москва шаарына бир нече ай мурун иштөөгө келген. Ал Россияга келүү үчүн унаасын сатып, такси токтотуучу жайда ижарага кат түрүндө келишим түзбөй иштей баштаган. Бул жерден ал «Аскар» жана «Мадияр» аттуу балдарды жолуктурган. Август айынын башында бул балдар андан күч колдонуп 1600 долларын, ошондой эле телефонун жана баалуу буюмдарын тартып алышкан. Ошол эле учурда, алар тапанча менен коркуткан.

Мындан тышкары Аскар, Мадияр жана башкалар көп убакыттан бери аны токойго алып барып, анын көзүнчө айдоочуларды сабап, аларды укпаса ушундай жаза күтөрүн айтып, акча талап кылып жүрүшкөн.

Октябрдын башында алар 20 миң рубль акча талап кылышкан. Андан кийин жабырлануучу ИИМдин Россиядагы өкүлүчүлүгүнө кайрылган. 9-октябрда Москвада аталган топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча операция уюштурулду. Жыйынтыгында талап кылынган акчаны алып жаткан учурда жогоруда аталган адамдар жана башкалар кармалды. Таксомотордук компаниянын имаратын текшерүү учурунда 10 миң рубль акча, пневматикалык тапанча, 54 даана айдоочулук күбөлүк, КРнын жарандарына таандык 35 даана паспорт, 3 аскердик билет табылган. Мындан тышкары жабырлануучуга таандык кол сааттар табылды.

ИИМдин Москва шаарынын Нагорный району боюнча тергөө кызматы тарабынан жабырлануучунун арызы боюнча таксопарктын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. РФнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренеси боюнча кармалган М.Касымбеков жана А.Абдилманап уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси аныкталууда.

Ошондой эле тинтүү учурунда табылган паспорттордун, айдоочулук күбөлүктөрдүн, аскер билеттердин ээлери аныкталууда. ИИМ жогоруда көрсөтүлгөн жарандардан жабыркагандар болсо Кыргызстандын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×