Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 12.10.2018 16:36 На русском

Бишкекте эки унаа кагышты, жабыркагандардын арасында 6 жаштагы бала бар

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек шаарындагы Садырбаев көчөсүндөгү жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, «Тойота Камри» менен «Ниссан Максима» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. «Тойотанын» айдоочусу мас болгон. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жана 2012-жылы туулган бала жаракат алды.

Ал эми унаалар айып аянтчасына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×