Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.10.2018 16:00 На русском

Кыргызстандын тышкы иштер министри Э.Абдылдаев кызматынан кетти

Turmush -  Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматынан кетти. Министрликтин басма сөз кызматы Э.Абдылдаевдин билдирүүсүн таратты.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде 6 жыл иштеп, ээлеген кызматымдан бошотуу жөнүндө өз эрким менен арыз жаздым. Мамлекет башчысы арызымды кабыл алды. Биргелешип аткарган иштер үчүн бардык коллегаларыма, барынан мурда министрликтин системасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиргем. Мага ишенген жана мени колдогондордун бардыгына рахмат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×