Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Дүйнө 12.10.2018 10:45

Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка барбайт

Turmush -  Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын лидерлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка барбайт. Турнир 20-28-октябрь күндөрү Будепешт шаарында өтөт.

Венгрияга Кыргызстандын улуттук курамасынан 12 спортчу барат.

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Францияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 58 кг салмакка чейинкилер арасында күмүш медаль тагынса, быйыл Кытайдагы турнирде коло, Испанияда алтын медаль багындырган. Ошондой эле Түркиядагы турнирде жана Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш байге алган. Ал Азия оюндарынан кийин далысы ооруп жатканын белгилеген болчу.

Акжол Махмудов быйылкы жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын, Азия оюндарында күмүш, ал эми дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медаль тагынган.

Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатта 77 кг салмакка чейинкилер арасында Кайрат Түгөлбаев күч сынашат. Ал эми учурдагы Азия чемпиону Муслим Евлоев да бул чемпионатка барбай турган болду. Ал Бишкектеги триумфтан кийин Азия оюндарына барышы керек болчу, бирок улуттук команданын курамынан чыгарылган. Sport АКИpress басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, спортчу болжолдуу допинг көзөмөлдөн өтүп жатканда көйгөй жаралган.

Венгрияга эркин күрөш боюнча улуттук курамадан 2016-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси Эламан Догдурбек уулу барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×