Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.10.2018 08:59 На русском

Москва соту Футбол чемпионатында бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксистке өкүм чыгарды

Turmush -  Москванын соту Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда тротуардан бир нече адамды унаасы менен сүзүп кеткен таксист — кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна карата өкүм чыгарды. Сот отурумунда Чыңгыз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды, деп маалымдайт «Интерфакс».

Соттун чечими менен Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга кара жумушка кесилди жана эмгек акысынан 15% кармалат. Ошондой эле ал 3 жыл убакытка транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылды.

-------------------------------------------------------------------------

2018-жылы 16-июнда кечке маал Москва шаарында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалган. Дарыгерлер жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экенин жана айрымдары үйүнө чыгарылганын билдиришкен.

Чыңгыз Анарбек уулу

Москва шаарындагы жол кырсык

Айдоочу таксомотордук «Чекпоинт» фирмасында эмгектенип, окуя учурунда «Яндекс-такси» брендиндеги унааны башкарып бара жаткан. Текшерүүдө анын организминен алкоголдук ичимдик табылган эмес. Өзү көрсөтмөдө спирт ичимдигин ичпей турганын айткан.

Кыргызстандык таксист көрсөтмөсүндө ошол күнү 20 саат бою уктабай унаа башкарганын жана тормоздун ордуна газды басып алганын айтты. Ал жалпы жабырлануучулардан кечирим сураган. Өзүнүн айтымында, айдоочулук күбөлүктү 5 жыл мурун алып, 2 жылдан бери унаа башкарып жүргөн. Ал эми Россияда таксист катары эмгектенип жатканына 1 ай гана болгон.

Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу 2017-жылы Россиянын Сочи шаарында өткөн панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионатта (27-29-октябрь) 66 кг салмактагылар арасында коло медаль тагынган болчу. Анын бир тууган агасы Алмазбек Анарбековдун айтымында, Чыңгыз 9-класстан кийин жүк ташуучу болуп иштеп, башынан көп кыйынчылык өткөрсө да спортту таштаган эмес.

«Ал жаштайынан эле чыйрак болуп өстү. Ошол бала кезинде эле сарайларга мүшөк асып, спорт менен машыкчу. Тойлордо, мааракелерде болгон күрөштөргө катышып жүрүп чоӊойгон. Айылдагы футбол, волейбол оюндарынан да калчу эмес. Тааныбаган киши менен тез эле тил табышып кете турган сапаты бар.

Чыңгыз Иринжит орто мектебин 7-класска чейин окуду. Андан соӊ Бишкекке үй-бүлөбүз менен чогуу көчүп келдик. Бишкектен Пригородный айыл өкмөтүнүн Озерное айылындагы мектептен 9-классты бүтүп, базарга жүк ташуучу болуп жумушка орношуп, спортко баш оту менен кирип, машыга баштаган. Алгач самбо менен машыгып жүрдү. Ага улай эле бокс менен машыгып, кийин бокска толук өтүп кетти. Бокс менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, спорттун чеберине талапкер болгон», - деди ал.

Чыңгыз 1990-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагындагы Иринжит айылында төрөлгөн. 2013-жылы жубайы Аидага баш кошкон.

«Жубайы Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айылынан болот. Экөөнүн 3 жаштагы Амина жана 1 жаштагы Ширин аттуу кыздары бар. Чыңгыз буга чейин да Россияга барып-келип иштеп жүрчү. Анда көбүнчө ашпозчу болуп иштеп, башкы ашпозчу болууга да жетишкен. Ал Ала-Тоо-3 конушуна үй салып жаткан. Ошол үйдүн курулушуна акча табуу үчүн Россияга кеткен. Үйдү толук бүтсөм биротоло келем деген. Андан кийин аялы "мен да барып иштеп жардам кылайын" деп, апабызга 1 жаштагы баланы таштап кеткен эле. Жубайы дагы ашпозчу болуп иштейт», - деди бир тууган агасы Алмаз.

Москвада жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз 16 жашында жүк ташып иштеп, мелдештерде бир нече медаль тагынган (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×