Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Талас облусуТалас району 10.10.2018 18:11

Айыл турмушу: 40 жылдан бери гүл өстүргөн А.Осмоналиевага айрымдар ырым кылып гүл отургуздуруп кетишет (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Асылкүл Осмонова бөлмө гүлдөрдүн 20дан ашуун түрлөрүн өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун кызы. Таласка 1987-жылы келин болуп келген. Кесиби боюнча мугалим.

«Балдарга билим берип, айылыбыздагы мектепте 30 жыл иштедим. Ошол эле учурда бөлмө гүлдөрүн дагы өстүрчүмүн. Эмнегедир гүлгө жакынмын. Өзүмдүн атам таксист болуп иштечү. Ал Кытайга көп барчу. Ошол жактан кызым жакшы көрөт деп гүлдөрдүн түрүн алып келгени эсимде.

Гүл өстүрүү деле оңойго турбайт. Ошондой эле ал бардык адамдардын колунан өсө бербейт экен. Бөлмө гүлдөрүн өстүрүп келе жатканыма 40 жылдан ашты. Ушул 40 жыл ичинде гүл саткан эжеге айландым. Атайын деле базарларга алып чыкпайм. Майрам учурунда сөзсүз алып чыгып сатам. Көпчүлүк учурда үйдөн эле сатып алып кетишет. "Биздин колубуздан өспөй жатат, сиз отургузуп бериңизчи" деп гүлдөрүн отургузуп кеткендер да болот. Гүлдөр тынчтыкты жана музыканы сүйөт. Гүлдөр турган бөлмөдө музыка жаңырып турат. Булардын арасында көлөкөнү, сууну, күндү жакшы көргөнү бар. Мисалы бегония гүлү күндү жактырат. Ал канчалык күнгөй бетте турса ошончолук гүлүн ачат. Ошондой эле сууну жакшы көрөт.

Гүлдү биринчи жолу туугандарымдын үйүнөн алып келип отургузгам. Гүл өстүрүүдө үй ээсине көрсөтпөй, көчөтүн уурдап алсаң жакшы өсөт деген атайын ырым бар. Жакшы гүлдөрдү көргөндө мен дагы ошол ырымды колдоном (күлүп).

Гүлдөрдү көп убакыт үйгө кармабайм. Өсүп келе жаткандарды сатып, ордуна башка түрүн алып келип отургузгам. Көчөтүн кадимки эле топуракты кыкка аралаштырып отургузуп, күн алыс суу куюп турам. Кышкысын сөзсүз жылымык суу куюу керек.

Гүлдөрдүн баасы ар кандай. 50 сомдон 650 сомго чейинкилер бар. Өтүмдүү гүлдөр — бегония жана фикус. Бегония 500 сомдон, ал эми фикус 650 сомдон сатылат», - деди ал.

Асылкүл айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×