Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.10.2018 16:09

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы көз жарды

Turmush -  Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы көз жарды. Сапаргүл уулун бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде жарыкка алып келген.

Turmush басылмасынын кабарчысына эне-баланын абалы жакшы экенин жакындары билдиришти.

Улан Эгизбаевдин балалыгы, үй-бүлөсү жана сүйүүсү... Сүрөттөр сүйлөсүн

-----------------------------------------------------------------

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси жана ал эмгектенген «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова менен жолугушуп, көзү өткөндөн кийин ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырган болчу.

Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлгө жубайы менен бирге эс алууга барып, 2018-жылдын 22-июлунда түштөн кийин сууга чөгүп каза тапканы маалымдалган. Окуя алар эс алып жаткан «Акун» пансионатында көлдүн жээгинде болгон.

Маркум 24-июлда өзү өскөн Кочкордун Көк-Жар айылында 28 жашында акыркы сапарга узатылды. Анын артында ата-энеси, тун наристесин күтүп жаткан кош бойлуу жубайы жана 4 эжеси калган.

Журналисттин өлүмүнө байланышту «Акун» пансионатынын администрациясына жана 3 куткаруучуга карата кылмыш иши козголгонун 17-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нуржан Утемисов билдирген. Анын айтымында, кылмыш иш 258-берененин негизинде — коопсуздуктун талаптарына туура келбеген кызмат көрсөтүү боюнча козголгон.

Улан менен Сапаргүлдүн үйлөнүү тою 2017-жылдын октябрь айында өткөн эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×