Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 10.10.2018 09:47

Россиядагы кыргыздардын командасы кичи футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туруна чакырылды

Turmush -  Россиядагы кыргыздардын кичи футбол боюнча курама командасы тандоо турунан өтүп калса, Пакистандын Исламабад шаарында өтүүчү кичи футбол боюнча Азия чемпионатына катышат. Кыргызстандыктардын футбол боюнча «КG» лигасынын президенти Максат Мамбеткуловдун айтымында, бул турнирге оюнчуларды тандоо үчүн аталган лиганын кичи футбол боюнча мелдештери жүрүп жатат.

«Биз Пакистандын кичи футбол боюнча федерациясынан чакыруу алдык. Ал турнирге баруу үчүн Москвада тандоо туру болуп өтөт. Ошол турдан өтсөк Пакистанга барабыз. Азырынча тандап алуу турунда кимдер менен ойнорубуз белгилүү боло элек. Ага чейин лиганын курамында кайсы оюнчулар ойнорун биз өзүбүздүн мелдештерибиз аркылуу аныктап алабыз», - деди М.Мамбеталиев.

Ал кошумчалагандай, «КG» лига курамасы тандап алуу турунда ийгилик жарата алса, кичи футбол боюнча Азия чемпионатына жолдомо алат. Ал эми оюнчуларга виза алуу маселеси үчүн демөөрчүлөр изделип жатат.

Россияда КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкы жолу кыргыз мигранттары үчүн мындан 1 жыл мурун футбол лигасы түптөлгөн болчу.
«Мындай лиганы түптөө идеясы 2015-жылы эле жаралган. Анда биз тилекке каршы уюша албай койгонбуз. 2017-жылы апрель айында Россиядагы футбол сүйүүчү мигранттар чогулуп, «KG-Лига» футбол лигасын түптөдүк. 2017-жылдын апрель айында биринчи оюнду өткөрдүк. Анда ойногондордун 80 пайызы кыргыз жарандары, ал эми калган 20 пайызы Өзбекстан, Тажикстан, Африка, Молдавия өңдүү чет өлкөлөрдүн жарандары болуп эсептелет», - деди М.Мамбеткулов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×