Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 09.10.2018 16:29 На русском

Максим Ситников — Бишкек шаарынын жаңы вице-мэри

Turmush -  Максим Ситников Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын аркалайт. Бул маалыматты бүгүн, 9-октябрда мэриянын басма сөз кызматы таратты.

М.Ситников 1979-жылы Саранск шаарында жарыкка келген. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенип келген. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинде, Бишкек шаардык мэриясында жана акимчиликтерде адис болуп эмгектенген.

Жаңы вице-мэр Жогорку Кеңештин депутаттыгына КСДП партиясынан №109 катар менен талапкер болгон.

Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Геннадий Милицкий ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сентябрь айынын аягында арыз жазган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×