Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 09.10.2018 08:11

Кыргызстандык суучул Д.Петрашов Олимпиадада күмүш медаль утту

Turmush -  Кыргызстандык суучул спортчу Денис Петрашов Аргентинада өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан үчүнчү жайкы Олимпиадада күмүш медаль утту.

Ал 7-октябрда 100 метр аралыкка сүзүп, маарага 38 спортчунун ичинен сегизинчи болуп келди. Бул жыйынтык ага 16 жарым финалчынын катарына кошулууга мүмкүндүк берди. Жарым финалда маарага 1 мүнөт 1,95 секунд жыйынтык менен экинчи болуп келди. Анын жыйынтыгы менен финалга чыкты.

Финалдык жарыш 8-октябрда түндө өттү. Петрашов 1 мүнөт 1,34 секунд жыйынтык менен экинчи болуп келип, күмүш медалды ээледи. Ал эми алтын медалды кытайлык суучул Сун Жиажун утту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×