Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.10.2018 15:13 На русском

Россияда 45 жаштагы кыргызстандык кишини тоноп кетишти

Turmush -  Россиянын Ленинград облусунда Кыргызстандын жаранын тоноп кетишкенин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматы боюнча, кечээ, 7-октябрда 45 жаштагы кыргызстандык киши полиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал «Шевроле» унаасы менен жүргүнчүнү жеткирген. Ломоносов районунун аймагына жеткенде жүргүнчү бычак алып чыгып, айдоочуну сыртка чыгууга мажбурлап, өзү унааны айдап кеткен. Ошондой эле ал айдоочунун уюлдук телефонун да тартып алган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козгоо маселеси каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×