Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 07.10.2018 10:20 Жаңыланды: 07.10.2018 11:20

UFC: Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду утту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда Американын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында кезектеги UFC 229 турнири өттү. Турнирдин негизги беттешинде жеңил салмактагылар арасында UFC чемпиону россиялык Хабиб Нурмагомедов менен экс-чемпион ирландиялык Конор Макгрегор күч сынашып, жыйынтыгында Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду утуп алды.

Х.Нурмагомедов профессионалдык деңгээлде 26 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңүүчү болгон. Ал эми Конор Макгрегор 24 жолу беттешсе, 21 жолу жеңүүчү болуп, 3 ирет утулган. UFC алкагында эки мушкер тең 10 жолу беттешке чыккан. Нурмагомедов баарында жеңүүчү болсо, Макгрегор 9 жолу жеңип, 1 жолу утулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×