Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 05.10.2018 10:46 На русском

Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы 600 миң доллар айып төлөдү

Turmush -  Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы 600 миң доллар айып төлөдү. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, 500 миң доллар Башкы прокуратуранын эсебине которулса, кийинки айда 100 миң доллар комитеттин эсебине түшкөн. Комитеттегилер «Альянс Алтын» ишканасы июндун ортосунда айыптарды төлөп берүү боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылганын тастыкташты.

Айыптар алтын бөлүп алуучу фабриканын курулушу менен таштанды ташталуучу жайлардын ишке берилишинин мөөнөтү создуктурулгандыгы боюнча салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×