Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 03.10.2018 07:58 На русском

Прокуратура органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөр (тизме)

Turmush -  Прокуратура органдарында кадрдык өзгөрүү болду. Булактар билдиргендей, Бишкек шаарынын прокурору кызматын Темир Бекматов ээлеши мүмкүн.

Ал эми Кубат Абдураимов Ош шаарынын прокурору болушу мүмкүн. Ал буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору кызматын аркалаган. Буга чейин Кемин районунун прокурору кызматын аткарган Эмил Үркүнбаев Башкы прокуратуранын кадр башкармалыгынын жетекчиси болушу ыктымал.

Булактардын маалыматы боюнча, Башкы прокуратуранын Уюштуруу иштерин камсыздоо жана ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгын Асангелдиев Кубанычбек Курманбекович, Кулжабаев Марат Жусупович Ленин районундагы, Аширбаев Мирлан Жети-Өгүз районундагы, Сарбагыш уулу Тилек Тоң районундагы, Аширбаев Эмил Кара-Кулжа районундагы бөлүмдү жетектеши мүмкүн. Ал эми Ош облусунун прокурорунун орун басары Мамыров Сүйүн, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Абралиев Инзил Чынарбекович болушу мүмкүн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы прокуратура органдарында кадрдык орун алмашуу болгонун тастыктады. Бирок азырынча буйруктарга кол коюла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×