Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 02.10.2018 08:08

К.Абдыкеримов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору болуп дайындалды

Turmush -  Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын дайындалгандыгы жөнүндөгү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович

1967-жылы 20-майда Фрунзе шаарында туулган.

Эмгек жолу:

1991-1993-жылдары: «Азия Инвест» компаниясы, менеджер;

1993-1997-жылдары: «Таалай» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, директордун орун басары

1997-1999-жылдары: Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы, соода, тейлөө жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

1999-2001-жылдары: «Таалай» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, башкы директордун орун басары;

2001-2008-жылдары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты, референт, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;

2008-2018-жылдары: «Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасы» Мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору;

2018-жылдын октябрынан тарта «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын директору.

Билими: 2011-2015-жылдары: Кыргыз улуттук агрардык университетинин ташууларды уюштуруу жана транспорттоо, башкаруу факультетин аяктаган;

2001-2002-жылдары: Япония өкмөтүнө караштуу JICA – Япон Эл аралык Кызматташуу Агенттиги, Транспорт тармагында окутуу эл аралык сертификаты;

1984-1991-жылдары: Москва ветеринардык академиясы, зооинженердик факультет, айыл чарбасын пландаштыруу. Адистиги зооинженер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×