Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 30.09.2018 14:18

Дүйнөлүк чемпионаттан дагы бир медаль. Ардагер балбан Чынарбек Изабеков коло байге тагынды

Turmush -  Кыргызстандык Чынарбек Изабеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утуп алды. Чемпионат 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында башталган.

Буга чейин дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Ч.Изабеков 29-сентябрда 46-50 жаштардагы спортчулар арасында 100 кг чейинки салмак боюнча күч сынашты. Алгачкы 1/4 финалдагы беттеште болгариялык Стефан Иванов Георгиевди 2:1 эсебинде жеңген.

Чынарбек Изабеков

Ал эми финалга жолдомо берүүчү беттеште россиялык Виталий Перфилиев менен беттешип, 2:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Көңүл жубатуучу беттеште африкалык Петер Фредерик Ду Перез менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңишти ээледи. Муну менен жыйынтык протоколдо Ч.Изабеков 3-орунга жазылып, коло байгеге татыктуу болду.

Ч.Изабеков буга чейин 2015-жылдагы жана 2016-жылдагы дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынса, 2017-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттан күмүш медаль алып келген.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын алкагында 28-сентябрда Мелис Турганбаев дагы коло байге тагынган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×