Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 29.09.2018 10:36

Мелис Турганбаев дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды

Turmush -  Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мелис Турганбаев коло байгеге ээ болду. Аталган турнир кечээ, 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында башталган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин мурунку жетекчиси М.Турганбаев 56-60 жаштагы спортчулар арасында 78 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал 1/4 финалда россиялык Владислав Егоровдун үстүнөн таза жеңишке жетишкен.

Ал эми финалга чыгуу үчүн франциялык Герард Россо Санторо менен күч сынашып, 0:6 эсебинде утулду. Көңүл жубатуучу раундда М.Турганбаев украиналык Сослан Адырхаевди 4:0 эсебинде жеңип, жыйынтыгында 3-орунга жазылды.

М.Турганбаев 2016-жылы Польшада өткөн ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта дагы 3-орунду ээлеген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×