Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 26.09.2018 18:06 На русском

Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы

Turmush -  Токон Мамытов Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-сентябрда кабыл алышты.

Бул кызматка 4 талапкер — КСДП фракциясынан Токон Мамытов, «Бир Бол» фракциясынан Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаев жана «Ата Мекен» фракциясынан Канат Азиз көрсөтүлгөн болчу. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Т.Мамытовдун талапкерлигин 79 эл өкүлү колдоду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

- Р.Карасартованы 9 депутат;

- Р.Бактыбаевди 6 депутат;

- К.Азиздин талапкерлигин 19 депутат;

- Т.Мамытовдун талапкерлигин 79 депутат колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×