Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2018 15:14 Жаңыланды: 25.09.2018 17:10

Кыргызстандык 9 жаштагы хоккейчини америкалык команда чакырды

Turmush -  Кыргызстандык 9 жаштагы хоккейчи Нуртемир Сулайманов Американын «Авиатор» командасына чакырылды. Бул тууралуу Sport АКИpress басылмасына спортчунун апасы Мээргүл Маматова билдирди.

Анын айтымында, учурда Нуртемир 88-номур менен ойноп, 6 оюнга катышууга жетишти.

«Нью-Йорктун "Авиатор" командасы жаштардын жогорку лигасында ойнойт. Уулум 6 оюнда дарбазага 8 шайба киргизүүгө жетишти. Бул лигадагы рекорд болуп саналат», - деди ал.

Нуртемир Сулайманов

Нуртемир Сулайманов «Алга Бишкек» клубунун тарбиялануучусу, ал 3 жашынан тарта хоккей ойноп келет. 7 жашында Россиянын СКА хоккей клубунда ойноп, ал эми 2017-жылы декабрь айында «Алга Бишкек» менен АКШдагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болгон.

«Быйыл жайында Нуртемир миңдеген балдар барган "Нью-Йорк Рейнджерс" клубунун машыгууларына катышкан. Ал жерде уулумду "Авиатор" клубунун машыктыруучулары байкап, командага кабыл алышты», - деди М.Маматова.

Нуртемир Сулайманов1

Буга чейин хоккей боюнча Бишкектин өспүрүмдөр курама командасы АКШда өткөн эл аралык Barrington Ice Arena 2017 кубогунда алтын медаль утуп келишкен болчу. Алардын катарында Нуртемир Сулайманов да бар.

Бул турнир 2-5-декабрь күндөрү Чикаго шаарында өткөн. 2008-жылы жана андан кийинки жылдарда туулган өспүрүмдөрдөн куралган Кыргызстандын командасы 4 оюн (3 жолу жеңип, 1 жолу жеңилди) өткөрүп, турнирди жеңүүчүсү болушкан.

Нуртемир Сулайманов — Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×