Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 22.09.2018 12:06 Жаңыланды: 22.09.2018 16:00 На русском

Гүлбара Калиева Жогорку соттун жетекчиси болуп шайланды

Turmush -  Гүлбара Калиева Жогорку соттун жетекчиси болуп шайланды.

Кечээ, 21-сентябрда Жогорку соттун жетекчиси Айнаш Токбаева өз кызматынан кеткендиги белгилүү болду. Ал бул кымазтта 2015-жылдын 23-сентябрынан тарта иштеп келген. Г.Калиеваны жаңы жетекчи кылып шайлоо жөнүндөгү чечим 22-сентябрда 33 сот катышкан жыйында кабыл алынды.

Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча орун басары болуп Бокоев Каныбек Абдраевич дайындалды. Жарындын иштери боюнча орун басары Асанова Нургүл Молдобековна, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Токбаева Айнаш Абдымановна шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×