Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 21.09.2018 10:35

UFC: Валентина Шевченко польшалык Йоанна Еджейчик менен чемпиондук кур үчүн таймашат

Turmush -  Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг чейинкилер арасында UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн таймашат.

Уюмдун маалыматына караганда, Шевченкого каршы 52 кг чейинкилер арасындагы мурдагы чемпион, польшалык Йоанна Еджейчик чыгат. Мелдеш 2018-жылы 8-декабрда Канаданын Торонто шаарында өтөт.

Еджейчик 2015-2017-жылдар аралыгында чемпион болгон. 2017-жылдын ноябрь айында Роуз Намаюнаска утулуп, 2018-жылдын апрель айында реваншка чыгып, кайрадан утулуп калган. Анын 15 жеңиши, 2 жеңилүүсү бар. UFC уюмунда 11 жолу таймаш өткөрүп, 9 жолу жеңишке ээ болсо, 2 жолу жеңилүүгө мажбур болгон.

Валентина Шевченконун 15 жеңиши, 3 жеңилүүсү бар. UFC уюмунда 6 жолу таймаш өткөрүп, 4 жолу жеңишке ээ болсо, 2 жолу жеңилүүгө мажбур болгон.

Буга чейин Валентина Шевченконун атаандашы — аялдар арасында 57 кг чейинки салмак даражада UFC чемпиону аталган Никко Монтано бөйрөгү ооруп, ооруканага түшкөнү үчүн чемпиондук титулдан ажыратылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×