Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 19.09.2018 13:28 На русском

Депутат Р.Казакбаев өкмөт башчыга: Сизди той-аштардан көрбөйбүз...

Turmush -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-сентябрдагы отурумунда депутат Руслан Казакбаев («Республика—Ата Журт») премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кадр тандоого байланыштуу суроо менен кайрылды. Депутаттын айтымында, өкмөт башчыны той-аштардан такыр көргөн эмес.

«Сизди той-аштардан көрбөйбүз. Унааңыз өкмөт үйүнүн жанында түнкү саат бирге чейин турган болот, бул жакшы ишиңиздин жыйынтыгы деп ойлойм.

Ведомствонун башчыларын кайсы принцип менен тандадыңыз? Талапкерлер менен дайындалганга чейин сүйлөштүңүзбү? Алардын планы, ишинин программасы барбы?», - деп сурады депутат.

Жооп узаткан премьер-министр бардык талапкерлердин программасы бар экенин айтты.

«Биз алар менен сүйлөштүк, ал эми тандоодогу принциптер алардын тажрыйбасы, компетенттүүлүгү жана айкындуулугунда болду», - деди өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×