Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 19.09.2018 10:49 На русском

Парламентте КСДП менен «Ата Мекендеги» депутаттар кайым айтышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында «Ата Мекен» жана КСДП фракцияларындагы эки депутат кайым айтышты. Алгач депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев тарабынан фракциядагы депутаттар тууралуу такталбаган маалымат таратылганына байланыштуу Башкы прокуратура менен УКМКнын өкүлүн чакырууну сунуштады.

«Кезегинде Сегизбаев парламенттин трибунасында такталбаган маалымат таратып, аны иликтөөгө 2 жыл убакыт короду. Келгиле, эми бардыгы белгилүү болгондон кийин тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрүн чакырып, сурайлы», - деди эл өкүлү.

Аны колдоого алган депутат Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Атамбаевдин учурунда жалган жалаа жабылган адамдардын айрымдары учурда СИЗО мекемелеринде, айрымдары абакта отурганын кошумчалады.

Ал эми аларга жооп узаткан Ирина Карамушкина (СДПК): «Эмне үчүн мындай «жасалмасыңар»? Биздин адамдарды дагы камап жатышат, бирок биз кимдир бирөөнү парламентке чакырууну суранган жокпуз. Атамбаев учурунда ачылган иштер туура болгон деп эсептейм», - деди.

Андан кийин А.Шыкмаматов болуп жаткан акыйкатсыздыкка көрмөксөн болуу эл өкүлү үчүн уят деген пикирин айтты.

«Мен аялдар менен кайым айтышканды жактырбайм, бирок каяша айтайын. Сизге окшогондордун айынан бийлик туура эмес жол менен кетти. Акыйкаттуу болуу керек», - деди А.Шыкмаматов.

«Кандай депутаттардын айынан өлкө туура эмес жолдо кеткенин убакыт көрсөтөт», - деп жооп айтты И.Карамушкина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.