Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 19.09.2018 10:21

Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк чемпионаттан коло байге алып келет

Turmush -  Словакияда 17-сентябрдан бери өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионатта Акжол Махмудов Кыргызстандын капчыгына дагы бир медаль алып келди.

77 кг чейинкилер арасында күрөшкөн Акжол 1/16 финалда ирандык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңген. Кийинки раундда дагы белоруссиялык Артем Валашковичтин үстүнөн мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Бирок чейрек финалда россиялык Ислам Опиевге утулуп, ал жарым финалда америкалык Камал Амир Бейдин үстүнөн жеңишке жетти. Анын жыйынтыгында А.Махмудов көңүл жубатуучу турнирде коло байге үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон.

Кечээ, 18-сентябрда А.Махмудов кытайлык Юилана Юилана менен беттешип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Ал эми коло байге үчүн беттеште америкалык Камал Амир Бейди 8:1 эсебинде уткан.

Мунун жыйынтыгында Акжол Махмудов 2018-жылдагы күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын тагынды.

Беттештер:

1/16 финал

Акжол Махмудов - Шаян Хоссейн Афифи (Иран) — 10:1

1/8 финал

Акжол Махмудов - Артем Валаскович (Беларусь) — 9:0

1/4 финал

Акжол Махмудов - Ислам Опиев (Россия) — 1:1, Опиевдин жеңиши

Көңүл жубатуучу турнир

1-раунд

Лука Малетин (Сербия) - Юилана Юилана (Кытай) — 4:8

2-раунд

Акжол Махмудов - Юилана Юилана (Кытай) — 9:1

Коло медаль үчүн беттеш

Акжол Махмудов - Камал Амир Бей (США) — 8:1.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×