Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 19.09.2018 09:43

Видео: Эрбол Бакировдун Жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын байге тагынган беттеши

Turmush -  Словакияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын байгеге татыктуу болду. Турнир Трнава шаарында 17-сентябрда башталган.

Эрбол Бакиров 63 кг чейинкилер арасында күч сынашып, 1/16 финалда 91 секунд ичинде америкалык Алстон Жона Нуттераны 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки атаандашы армениялык Погосян Грачья болуп, андан кийин германиялык атаандашы Чловелле Ван Мэйерди 13:3 эсебинде утту.

Ал эми жарым финалдык беттеште Э.Бакиров Россиянын атынан чыккан Азамат Каиров менен күч сынашып, 68 секундда жеңишти алган. 18-сентябрдагы финалдык бөлүктө кыргызстандык балбан Египеттин өкүлү Хассан Ахмед Мохамед менен беттешип, эсеп 1:0 менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×