Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 18.09.2018 22:50 Жаңыланды: 19.09.2018 08:37 На русском

Мекендештер: Россияда футбол лигасын түптөгөн кыргызстандыктар Миланга барышат (сүрөт)

Turmush -  Россияда КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкы жолу кыргыз мигранттары үчүн футбол лигасы түптөлдү. Буга чейин Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар чогулуп, футболдук мелдештерди өткөрүп келишкен.

Ал эми футбол лигасынын түзүлгөнүнө 1 жылдан ашуун убакыт болду. Аны түптөгөндөрдүн бири — аталган лиганын президенти Максат Мамбеткуловдун айтымында, бул футбол лигасы КМШ мамлекеттеринин арасында мигранттардын алгачкы футбол лигасы болуп саналат.

«Мындай лиганы түптөө идеясы 2015-жылы эле жаралган. Анда биз тилекке каршы уюша албай койгонбуз. 2017-жылы апрель айында Россиядагы футбол сүйүүчү мигранттар чогулуп, «KG-Лига» футбол лигасын түптөдүк. 2017-жылдын апрель айында биринчи оюнду өткөрдүк. Анда ойногондордун 80 пайызы кыргыз жарандары, ал эми калган 20 пайызы Өзбекстан, Тажикстан, Африка, Молдавия өңдүү чет өлкөлөрдүн жарандары болуп эсептелет», - деди М.Мамбеткулов.

Ал кошумчалагандай, ар бир командада 8ден оюнчу ойнойт.

«Россия өлкөсүндө 8 форматы өтө популярдуу. Башкача айтканда лигада ойногон командалар оюн учурунда 8ден гана оюнчу менен ойношот. 7 оюнчу футбол талаасында чуркап жүрсө, бирөөсү дарбазачы болот. Командалар өздөрү акча жыйнап, форма жана башкаларын алышат. Айрым командалардын демөөрчүлөрү да бар. Ал эми лигага кошулуунун төлөмү болот. Ал төлөмдөрдөн чогулган акчаны жылдын аягында жеңүүчү болгон командаларга сыйлык катары беребиз», - деп кошумчалады.

Алгачкы мигранттардын футбол лигасынын биринчи сезону жогорку деңгээлде өтүп, командалар ортосунда катуу атаандашуу болгон.

«Лига биринчи түптөлгөндө 20 эле команда бар болчу. Лиганын биринчи сезону жыйынтыкталгандан кийин экинчи сезонунда 50-55 команда ойной баштады. Москва облусунда, Москва шаарында кыргыз мигранттар абдан көп. Алар команда түзүп, ойноп жатышат», - деди М.Мамбеткулов.

«KG-Лига» өзүнө дагы 3 лиганы камтыйт. Анда ар кандай даярдыктагы командалар ойношот.

«Командалар даярдыгына карап 3 лигада ойношот. Жогорку лигада күчтүү даярдыктагы күчтүү командалар, 1-лигада орто даярдыктагы командалар ойносо, ал эми 2-лигада жаңы гана түптөлүп, жаңы кошулган командалар ойнойт. Лигалардын тартиби боюнча айтсак, 2-лигада 1-2-3-орунду алган командалар 1-лигада ойной баштайт. 1-лигада 1-2-3-орунду алган командалар жогорку лигада ойной алат», - деди ал.

Командалар арасында бир айылдын жана облустун атынан ойногондор да бар.

«Мисалы, Талас, Ысык-Көл, Ак-Суу, Балыкчы, Ош, Ноокат, Көк-Жар, Барпы, Жийде, Бегабад, Агартуу, Кенжекул, Мөнөк, Баткен, Кадамжай жана башка командалар ойнойт. Албетте, биздин футбол лигабыз баарыбызды ынтымакка бириктирет. Муну менен жаман адаттардан алыс болуп, биримдикте болуп жүрөбүз. Кыргызстандын аймагындагы эле кыргыздар эмес, Өзбекстандан да кыргыздар ойношот. Мисалы, Андижан облусунун Токтогул деген айылынан бир команда бар. Биздин лигада баардыгына эшигибиз ачык», - деди Максат Мамбеткулов.

Ошондой эле СССРдин курамында болгон өлкөлөрдүн командаларынын арасында да улуттар аралык футбол мелдештери өтүп турат.

«Биз өзүбүздүн лигабызда гана ойной бербестен, башка жогорку лигаларда да ойноп келебиз. Ушул жылдын жаз айында мурунку СССР мамлекеттеринин ортосунда улуттар аралык футбол мелдеши өттү. Анда Өзбекстандан «Пахтакор», Казакстандан «Мурагер» командалары жана Дагестан менен Россиянын командалары ойношту. Ал мелдешке биздин «KG-Лигабыз» эң күчтүү курам менен катышып, мыкты оюндарды өткөрүп, финалда Өзбекстандын «Пахтакор» командасы менен тең чыктык. Уюштуруучулар эки командага тең жеңишти ыйгарышты.

Ошондой эле кышкысын Минск шаарында боло турган «Лига наций» мелдешине да жолдомо алдык. Кышкысын дагы убакытты текке кетирбей, кичи футбол боюнча мелдештерди өткөрөбүз. Анда 100гө жакын командалар ойнойт. Кичи футбол боюнча биз Италиянын Милан шаарына жолдом алганбыз. Буйруса ошол жакка барып, татыктуу оюн көрсөтүп келебиз», - деди Максат Мамбеткулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×