Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 18.09.2018 14:02 На русском

Акыйкатчылыкка Жогорку Кеңеш сунуштаган 5 талапкер

Turmush -  Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына 5 талапкерди сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитеттин жыйынында айтылды.

- Маалым болгондой, КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн;

- «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момунов (мурунку омбудсмендин орун басары), укук коргоочу Рита Карасартова жана Рыскул Бактыбаевди сунуштады.

- «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздун талапкерлигин көрсөткөн.

Комитеттин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгы менен бул маселени парламенттин кароосуна киргизүүнү чечти.

Мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаевди ээлеген кызматынан бошотуу чечими 2018-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынган болчу. Ал өз каалоосу менен арыз жазган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×