Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 14.09.2018 18:54

Айыл турмушу: Элеттиктердин жакшылыгында эрке баланын милдетин аткарган Р.Медетбеков (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургуну, райондук Соң-Көл маданият үйүндө эмгектенген Рыскелди Медетбеков жок айылдын тойлору өтпөйт. Жандуу үн менен тойдун көркүн ачып, элге жагымдуу маанай тартуулаган айылдык жигит учурда 28 жашта. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Рыскелди 1990-жылы Чаек айылында туулган. 2007-жылы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебин аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын улуттук музыкалык аспаптар факультетин 1 жыл окуган. Андан соң, 2008-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетине тапшырып, аны 2011-жылы аяктаган. Ошол жылдан тартып Жумгал райондук Соң-Көл маданият үйүндө актер жана ырчы катары эмгектенип келет.

«Бала кезден эле шок болчумун. Үнүм да катуу жана жоон чыкчу эле. Балалыгым ушул эле Чаектин Ак-Татыр айылында өттү. Бала кезден эле көчөдөн өткөндөргө ырдап берип акча табар элем. Ата-энем, туугандарым ар кандай маданий иш-чараларда, тойлордо мени ырдата беришчү. Ыр жазып, обон чыгарбайм, бирок сатира аткарам жана сценарийлерди жазам. Кээде гитара ойнойм. Алгачкы сахнага 2008-жылы Алексей Филатовдун "Жаңы ысымдар" долбооруна катышып, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынан чыккам. Ошондо финалга чейин баргам.

Атам Медетбек Бабышов 65 жашта, учурунда РТСте айдоочу болуп эмгектенип пенсияга чыккан, апам Сарылбүбү Жумаева 60 жаш куракта, үй кожойкеси. Үй-бүлөмдө апам ырдайт. Мага талант тай жактан келген. Тайларым жакшы ырдашат. Ырчылык мен үчүн жашоо жана жан дүйнө. Ырдап турбасам кадимкидей тамагым ооруп калат (күлүп). Айыл жергесинде менсиз той-топур өтпөй калчудай эле той ээлери мени издеп, чакырып турушат», - деди Р.Медетбеков.

Рыскелди үй-бүлөдө 5 бир тууган.

«Райондогу той-топурларда тамадалык кылам. Тойдун көркүн ачыш үчүн оюн-зооктон тышкары жандуу үн менен обон созобуз. Бир тойду алып баруунун баасы 100 доллардан жогору бааланат. Маданият үйүндө жана куурчак театрында да иш алып барам. Шаарлап же Европалабай эле айылдан оокат кылса болот», - деди ал.

Рыскелди учурда үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×