Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусуТалас району 14.09.2018 14:18

Айыл турмушу: Курбусу келин болгон үйгө ызы-чуу салган Сажира апаны Министр алып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Атай Огомбаев айылынын 68 жаштагы тургуну Сажира Ызаналиева курбусу келин болуп барган үйгө ызы-чуу салганын азыркыга чейин унутпайт. Жети баланы өстүрүп, 6 келиндүү болгон каарман менен аймактык кабарчы маек курду.

Бала чагында тентек болгонун айткан Сажира апа: «7-класста окуп жатканда сиңдим Сабираны Турарбек деген бала оюнчук менен көзгө атып жиберди. Аны кубалап жетип, басып алып, ачуум менен көзүн чукуйм деп жатканда, ата-энеси "Сажира колун же бутун сындырсаң мейли, көзүн чукуба" деп жалдырашкан эле. Азыр ошол бала балпайган чоң ата болду.

10-классты аяктаганда курбум ала качты кылып күйөөгө өз каалоосу менен тиймек экен. Мага тойдо курбум бол деп айта албай, жанында алаксытып алып жүрө берген. Күнүнө бир жолу каттоочу автобустан дагы калып, үйгө унаа менен жетмек болгонбуз. Унаа келип, аны менен бейтааныш үйгө келдик. Жаңжал салып жатсам, курбум унаадан түшүп, жүгүнүп үйгө кирип кетти. Мени да мажбурлап үйгө киргизишти. Кетебиз деп жатсам, "Министр келет, андан кийин кетесиңер" деп убакытты созушту. Таң сүрүп калганда курбум үйдү шыпырып баштады. Шыпыргысын колунан алып, өз үйүң беле деп ызы-чуу салгам. Министр деген такси айдаган байкенин аты экен. Курбум ошол үйдө калды, түшүнбөй ызы-чуу салганым үчүн уялып, Министр байкенин таксиси менен үйгө кеткем», - деди.

Сажира Ызаналиева 19 жашында турмуш жолуна аттанган. Өзү айылдагы мектепте иш кагаздары менен иштеген кызматкер, жолдошу мугалим болуп эмгектенген.

«Мага "карындашым киного барып келебиз" деп жөө ийинине илип алып, ала качып кеткен. Жолдошум аз жашаса да элдин сыйына татыктуу болду. Кайненем бир сүйлөгөн адам эле. Ар бир баламды төрөгөндө 2-3 ай оор көтөртпөй, колумду сууга салдырбай, өзү тамак жасап берчү. Ал "мен ден соолуктан айрылдым, карыганда сенин дениң сак болушу керек, мени багасың" деп көп айтар эле.

Учурда айылда ден соолук комитетинин жетекчиси болуп эмгектенип, ар кандай иш-чараларды уюштуруп келем. Мындан тышкары 2012-2013-жылдары М.Козубеков атындагы орто мектепке долбоор жазып, ыктыярчыларды чакыргам. Долбоорлордун үстүндө азыр деле иштеп жүрөм.

7 балалуу болуп, аларга тарбия берип, жакшылыктарына күбө болуп жатам. Учурда 6 келиним бар. Бош убакта ар бир небереме байпак, баш кийимдерди токуп берип, жыртылганын жаңыртып турам. Кээде келиндерим менен балдарга кийимдерди тигебиз. Келиндерим ынтымактуу жана камкор», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×