Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 12.09.2018 12:39

Коопсуздук кеңеши: Түркия Кыргызстанга ФЕТО уюмуна тиешелүү 130 адамдын тизмесин берген жок

Turmush -  Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Түркия тараптан Кыргызстанга ФЕТО уюмуна тиешелүү 130 адамдын тизмеси берилгени тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

«Кыргызстанга мындай тизме берилген жок», - деди бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында.

Буга чейин Түркиянын Haberturk басылмасы булактарга шилтеме берип, тизмеде жалпы 130 адам бар болсо, анын ичинен 13 адам «биринчи кезекте» турганын маалымдаган.

1-сентябрда Р.Эрдоган менен С.Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуусунда дагы Гүленге байланыштуу террористтик ФЕТО уюму тууралуу айтылган. Түрк президенти Кыргызстанда бул темага кайрылууга негиз жок экенин айтса, С.Жээнбеков кыргыз-түрк байланышына кылмыштуу аракет кылгандар мыйзам чегинде катуу жазага тартыла турганын белгилеген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×