Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 11.09.2018 18:12

Балбан Акжол Махмудов жаштардын дүйнөлүк чемпионатында күч сынашат

Turmush -  Словакиянын Трнава шаарында 17-19-сентябрь күнү өтө турган жаштардын дүйнөлүк чемпионатына Азиянын учурдагы чемпиону жана Азия оюндарынын вице-чемпиону Акжол Махмудов катышат.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак даража боюнча күч сынашат. Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште жалпы 10 топтом медаль ойнотулса, кыргызстандык балбандар 8 салмак даража боюнча килем үстүнө чыгат.

А.Махмудов 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарындагы турнирде 74 кг чейинки салмактагылар арасында 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган. Ушул эле турнирде кыргызстандык балбандар 3 күмүш медаль багындырган.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасынын курамы:

55 кг чейин — Нуртазин Керимберди уулу;

60 кг чейин — Дастан Кадыров;

63 кг чейин — Эрбол Бакиров;

67 кг чейин — Нуржигит Кеңешбек уулу;

72 кг чейин — Илим Билимов;

77 кг чейин — Акжол Махмудов;

82 кг чейин — Ильгиз Билимов;

87 кг чейин — Аманкелди Талантбек уулу;

Машыктыруучу — Шухрат Ушуров:

Калыс — Мейрамбек Ахметов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×