Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 10.09.2018 08:59 Жаңыланды: 10.09.2018 12:56

UFC: Валентина Шевченконун атаандашынан чемпиондук наам алынды

Turmush -  Кыргызстандык Валентина Шевченконун атаандашы — аялдар арасында 57 кг чейинки салмак даражада UFC чемпиону аталган Никко Монтано чемпиондук титулдан ажыратылды. Америкалык мушкер айымга мындай чара көрүлгөнүн уюмдун президенти Дана Уайт жарыялаган.

9-сентябрга караган түнү өтөт деп күтүлүп жаткан UFC 228 турнириндеги экинчи беттеш болбой калды. Анда аялдар арасында жеңил салмак боюнча экс-чемпион Никко Монтано менен талапкер Валентина Шевченко беттешмек.

Көпчүлүк күткөн мелдеш АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында болмок. Буга чейин 7-сентябрда эртең менен Монтано ооруканага жаткырылганы маалымдалган болчу. Никко Монтанонун машыгуудагы өнөктөшү ал ооруканага бөйрөгүнө байланыштуу жатканын билдирген.

«Шевченко титул үчүн беттешүүнү абдан каалайт. Учурда ушул жылдын аягына чейин беттеш уюштуруу аракеттерин көрүп жатабыз», - деди Дана Уайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×