Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 09.09.2018 17:14 На русском

Видео: Россиядагы кыргызстандыктардын чыры. Жабыркагандардын бири көз жумду

Turmush -  Россиянын Москва шаарында кыргызстандык жарандардын адам өлүмү менен коштолгон чырына байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат. Шектүү айдоочу окуя болгон жерден камакка алынганы маалымдалды.

Окуяга күбө болгон Элдиярдын айтымында, унаа бүгүн, 9-сентябрда саат 08:00 чамасында 9 адамды сүзүп кеткен. Анын ичинен оор жаракат алган бир адам көз жумду.

«Окуянын кесепетинен 1 адам каза тапты, жаракат алгандар дагы бар. Унаа айдаган адам атайын сүзгөнү айтылууда», - деди Элдияр.

Ал эми Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, айдоочу менен жабырлануучулардын ортосунда кафенин ичинде чыр чыккан. Алардын баардыгы кыргызстандыктар. Кафеден чыккан айдоочу рулга отуруп, жердеги адамдарды атайын сүзгөн. Ал окуя болгон жерден качкан эмес, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

«Риа Новости» басылмасынын маалыматы боюнча, окуя «Фольксваген Поло» унаасынын катышуусунда болгон. Анын айдоочусу спирт ичимдигин ичкен эмес.


«360» телеканалы окуя болгон жерде тартылган видеотасманы жарыялаган. Тактала элек маалыматтар боюнча, шектүү айдоочу 21 жашта болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×