Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.09.2018 09:47

UFC: Бүгүн Шевченко менен Монтано чемпиондук үчүн беттешпей калды

Turmush -  UFC 228 турнириндеги экинчи беттеш болбой калды. Анда аялдар арасында жеңил салмак боюнча учурдагы чемпион Никко Монтано менен талапкер Валентина Шевченко беттешмек.

Көпчүлүк күткөн мелдеш 9-сентябрга караган түнү АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында болмок. Буга чейин 7-сентябрда эртең менен Монтано ооруканага жаткырылганы маалымдалган болчу.

Никко Монтанонун машыгуудагы өнөктөшү ал ооруканага бөйрөгүнө байланыштуу жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×